Бишкек шаардык соту 12-январда саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырды. Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун бул процесске катышуудан баш тартканы негиз болду. Токтосунов анын себебин Калмаматов менен буга чейин жакшы мамиледе болгону менен түшүндүрдү.
Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармаган. Атайын кызматы аны «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптаган.
Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган.