• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Судьялар анестезиологду эмне үчүн үй камагына чыгарышкан?

1 Бирдин айы 2024 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 3 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кармалган анестезиологду үй камагына чыкканы боюнча маалымат берди.

Судья Мирад Динеев анестезиологду үй камагына чыгаруу чечиминде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, тергөөдөн качпаганын жана ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып ушундай чечим чыкканын билдирди.

Маалымат жыйынга катышкан үч жашар Алиянын жакындары мындай чечимге макул эместигин, шектүү жазадан качуунун амалын издеп жатканын айтышууда.

Судья шектүү үй камагынын шартын бузган учурда кайра кармалып, баш коргоо чарасы кайрадан караларын кошумча.

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологду  үй камагына чыгарды.

13-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен дарыгер эки айга камакка алынган.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Теги:
Количество просмотров: 316