• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров эки судьянын ыйгарым укуктарын токтотту

5 Баш оона 2021 11:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аларды кызматтан бошотуу боюнча сунуштар келген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Ош облусунун административдик сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Алар:

— Абдыкадырова Зарина Омаровна;

— Шаршеев Эрмек Муслимович.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Количество просмотров: 349