11-октябрда Соттор кеңеши кезектеги жыйын өткөрүп, анда бир катар маселелер каралды.
Алардын ичинде жергиликтүү соттордун судьялары Октябрь райондук сотунун судьясы Элмира Барыктабасова жана Биринчи май райондук сотунун судьясы Бактыгүл Алымбековага карата даттануулар болгон.
Тартип комиссиясынын корутундусу талкууланып, судьялардын үстүнөн берилген арыз канааттандыруусуз калтырылды.