2024-жылдын 22-ноябрында КР Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынган. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин сайтында маалымдалат.
Судьялар кеңешинин чечими менен Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын мүчөлөрү толукталды.
Судьялар кеңеши Жалал-Абад облустук сотунун судьялары О.А. Тункатаровдун жана К.К. Эстебесовдун судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана аларды ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө арыздарын карап, канааттандырды.
Андан соң, Жалал-Абад облустук сотунун судьялары К.К.Э., М.М.К. жана Жалал-Абад облустук сотунун экс-судьясы У.К.М. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КР Башкы прокурорунун сунуштамасы каралды.
Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 352-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн жогоруда көрсөтүлгөн судьяларды жана экс-судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.