ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын кызмат адамдары КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип, бир гана тендер боюнча 25 000 000 сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Иш боюнча табылган далилдердин негизинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 32 жаштагы Аскат Абылаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Соттун чечими менен ага баш коргоо чарасынын камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалды.