• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыев сунушталууда

22 Тогуздун айы 202413:57 Бишкек Govori.TV

Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралды. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдошту.

«Конституциянын 70-беренесине ылайык, Президент Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын бир мөөнөткө, 5 жылга дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын дайындоого президент тарабынан сунушталган талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынан ашыгынын добушу керек», — деп басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Базарбеков өз каалоосу менен Жогорку соттун төрагалык кызматынан кеткен.
10-октябрда Жогорку Кеңеш Базарбековдун отставкасын кабыл алган. 11-октябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгынан бошотулган.

Учурда Жогорку соттун төрагасынын орду бош.

Количество просмотров: 150