• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин жаңы башкы директору дайындалды

3 Бугу 2023 13:51 Бишкек Govori.TV

Гулбара Абдыкалыкова “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдыкалыкованы башкы директорлук кызматка маданият министри Алтынбек Максутов сунуштап, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аны жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, мезейлер-бул мамлекеттин жүзү, визиттик карточкасы экенин билегилеп, аталган мурас жай мейкиндигинин ишин алга жылдырууну каалады.

Количество просмотров: 72