• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

25 Кулжа 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон. Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.

Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн айылынын тургуну экени аныкталган.

Количество просмотров: 127