Жалал-Абад шаарында белгисиз бир адам 11 жаштагы кызды уурдап кетти деп бир нече интернет колдоонучулар жазып чыгышты.
Маалыматта, эркек адам жашы жете элек кызды алдап, уурдап кетип кармалгандыгы боюнча видео тарады.
Видеодо бир эркек киши кичинекей кыздын чачын сылап, телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын көрсө болот.
Күбөлөрдүн айтымында, ал кызга балмуздак алып берип, алдап башка шаарга алып бара жаткан жеринен кармалган.

Маалымат интернетте тез тарап, элдин жардамы менен кыз табылган, шектүү кармалган.
Жалал-Абад облустук милиция бул маалымат боюнча комментарий бере элек.