• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сулайман-Тоодон таш кулап, турак үйдүн дубалын тешип кеткен

3 Жалган куран 20239:19 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосунан таш кулап, үйдүн дубалын тешип кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Таштын кулашына туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын себеп болгондугу айтылат.

«Таш Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип кеткен.Үйдүн ээси куткаруучуларга 24-февралда кайрылган. Анын негизинде жерине сегиз куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 144