• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сулайман-Тоого желим баштык, пластик буюмдарды алып чыгууга тыюу салынды

11 Үчтүн айы 2024 17:43 Бишкек Govori.TV

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Бул чечим, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Музей комплекстин аймагындагы буга чейин пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, полимер пленкасынан жасалган пакеттерде чипсы, кириешки, күнкарама саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет.

Количество просмотров: 110