• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сулайманов: «Манас» аэропортун мамлекет өзү иштеткени оң

15 Кулжа 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

«Манас» аба майданын мамлекет өзү иштеткени оң. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда «Манас» аэропорттун ишмердүүлүгү жакшы нукта жүрүп, кирешеге иштеп жатат.

«Кандай болгон учурда да аба майдан мамлекеттин көзөмөлүндө болуусу керек. Себеби, баарыбызга белгилүү жаңы бийлик келгенге чейин «Манас» аэропорту кандай акыбалда эле, ал эми азыр кандай акыбалда. Азыр киреше менен иштеп, «кара тизмеден» чыгуу аракетин көрүп жатышат. Андыктан мамлекеттин көзөмөлүндө болуусу туура», — деди депутат.

Эске салсак, “Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү боюнча инвесторлордун конференциясы өткөн. Иш-чарага расмий бийлик өкүлдөрүнөн тышкары долбоорго кызыкдар тогуз компаниянын өкүлдөрү катышкан. Инвестициялык баасы 400 миллион долларга бааланып жаткан долбоор алкагында өкмөт “Манас” аэропортун Борбор Азиядагы ири аймактык хабга айландыруу максатын көздөөдө.

Долбоор ишке ашкандан кийин жүргүнчүлөр агымы азыркы 2,1 миллион адамдан 9 миллионго жетери, учуп-конуу тилкеси, терминалдар, инфраструктура толук жаңыланары пландалууда.

Количество просмотров: 110