• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сулайманов премьерге кайрылды: Элибиз ачка калсын деген түшүнүк кылып жатышат

7 Чын куран 2020 21:28 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жасады. Ал Бишкектин комендантына карата нааразы пикирин айткан кайрылуусун Фейсбук баракчасына жайгаштырган.

«Учурда азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатканда Бишкек коменданты Орозалиев «кампалардагы топтолуп турган азыктардын көлөмү, комендатура көрсөткөн ченемден ашпоосу керек» деген чечим чыгарып жатат. Финполицияга тапшырма берип текшергиле деп жатат. Азыркы учурда башка баардык мамлекеттер өз элинин камын ойлоп, кампаларын толтуруп, тамак-ашын сыртка чыгарбай жатат. Ал эми биздин азаматтар кампаларда азык-түлүк запасы турбасын деп жатат, бул жарандарды ачка калсын деген түшүнүк менен иш кылынып жатат», — деди депутат.

Сулайманов кайрылуусуна өкмөт башчы жооп берет деген үмүттө экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 1133