• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Султан Садыралиев: «Ырчылардын бардыгы эле салык төлөй албайт…»

3 Бирдин айы 2023 10:38 Бишкек Govori.TV

Тойдо кызмат көрсөткөн ар бир ырчы, тамада салыкты милдеттүү түрдө төлөшү керек деген талап коюлган. Ага карабай көпчүлүк ырчы, тамадалар патент алышпайт. Мындан улам той өтүп жаткан ресторан ээлери жана той ээлери менен биргеликте келишим түзүлүп, анан негизинде салык алынуусу керек деген пикирлер айтылган.

Бул тууралуу ырчы Султан Садыралиев пикирин билдирип, «салыкты бардык ырчы, тамадалар төлөй албайт деп ойлойм. Дайыма иштеп аткандары төлөсө туура болот го»,-деген пикирин айтты.

Негизинен бул кадам туура экенин, өзү салык төлөөгө макулдугун кошумчалады.

Количество просмотров: 214