• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Султанбаев: Мамлекет башчынын чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат

28 Тогуздун айы 2021 22:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандарын айрым кызыкдар тараптар бурмалап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда. Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет»,-деп жазды ал.

Количество просмотров: 125