• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Темирлан Султанбеков митингде ыйлап жиберди

3 Теке 2019 18:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков бүгүн «Форум» имаратынын алдында уюштурулган митингде сөз сүйлөдү.

«Алмазбек Атамбаев мындан 2 жыл мурун Молдивадан арал сатып алып, кетип калмак. Бирок, сиз тарыхта жакшы ат менен каласыз. Саясатчылар жакшылап ойлонгула. Бийликтен Атамбаевдей болуп кеткиле, чогуу кеткиле. Алмазбек Шаршенович кийинки президенттикке сурансаңар дагы барбайт. Анткени ал барын жасап кетти»,-деди Т.Султанбеков.

Эске салсак, бүгүн Атамбаевдин тарапташтары тынчтык митинг уюштуруп, ага мурунку президент Атамбаев баштаган КСДПнын өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана башка саясатчылар катышууда.

Количество просмотров: 92