• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер 28-майга чейин камакта калтырылды

28 Жалган куран 202517:49 Бишкек Govori.TV

28-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверге козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуу өттү.

Бул тууралуу “Социал-демократтардын” мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, судья үч партиялашын тең 28-майга чейин камакта калтырганын кабарлады.

Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Количество просмотров: 256