• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Суракматовдун «суу кечпеген» сунушу…

14 Жетинин айы 2018 19:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.
2010-жылы апрель революциясынын учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна Бишкек мэри Азиз Суракматов жер алдында унаа токтотуучу жайы бар гүл бакча куруу демилгесин көтөргөн эле. Бирок шаар куруу кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна гүл бакча эмес, бийиктиги 7 кабат имарат куруу оң болорун айтышат.
Өрттөнүп кеткен бул имараттын тегерегинде болуп жаткан мындай окуя атайылап эле кылынып жатат дегендер да жок эмес.
Талашка түшкөн Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын тагдырын бийлик эч эле чече албай келет. Буга чейин ал жерге соода борборун же кеңсе имаратын куруу сунушталган. 2011-жылы имаратты жарнамалык баннер менен жаап коюшкан. Ал эми 2017-жылы Сейсмология институту аны «авариялык абалда» деп таап, имаратты оңдоп түзөөгө болбой калган. Эми мэрдин сунушу четке кагылса Башкы прокуратуранын имаратынын тагдыры кандай болот аны убакыт көрсөтөт.

 

Количество просмотров: 35