3-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү туура эмес деген оюн билдирди. Анда ал өлкөдө орто мектептерде билим берүүнүн сапаты өтө эле начарлап кеткени, бул маселени чечмейинче башка системага өтүүнүн кереги жок экенин айткан.
Ал эми ЖК депутаты Камила Талиева Жогорку Кеңештин комитет жыйынында 12 жылдык окууга өтүү иши жакынкы убакта ишке ашпай турганын айтып, Билим берүү жана илим министрлиги АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID — ЮСАИД) каржылоосуна ишенгенин, бирок уюмдун 24 программасынын 22си жабылып калганын билдирген.
Белгилей кетсек, 12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштамак. Ал эми бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшмөк.
Учурда 12 жылдык окуу системасына өтүү маселеси кайрадан коомчулуктун талкуусуна алынып жатат. Ал эми сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай?