Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миңден ашуун адам жабыркаса, 3 миң 107 адам каза болду. Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, өпкөнү сезгентүүчү илдетке кабылгандардын саны 110 миңге жетип, айыккандардын саны 61 миң адамды түзөт. Дүйнѳнү каптаган коронавируска каршы Кыргызстанда соӊку кырдаал кандай? Коркунучтуу илдеттен жарандар кантип сактанып жатышат? Сурамжылоо жүргүздүк.