Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталгандан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн да коопсуздугу, сапаты тууралуу маселе көтөрүлө баштады. Айрым депутаттар бул мамлекеттерде катуу жер титирөөдө кыйраган имарат, турак жайлардан улам Кыргызстанда кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунушташты.