• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Сурамжылоо: Малга салык төлөө сунушу туурабы?

4 Жетинин айы 2022 16:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев айыл-кыштактарды дотациядан чыгарууга байланыштуу бир катар сунуштарын жарыялады. Парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында анын бир чарасы катары мал-жандыктан салык алуу керектигин айтты.

«Бодо малга, жылкыга жана койго салык киргизсек деген оюмду айткым келет. Азыр орточо эсеп менен жылкынын баасы 70 миңден 100 миңге чейин. Ири мүйүздүү малдын баасы 60-80 миңге чейин, койдун баасы болсо 12 миңден 17-18 миңге чейин. Эгер салык киргизе турган болсок, койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга, жылкыга жылына 200-250 сомдон салык салсак, бир жылда айыл өкмөттөргө 1,5 миллиард сом акча түшөт. Ошондо айыл өкмөттөр борборду, өкмөттү карап, кол куушуруп отурбайт»,-деди Токторбаев.

Малга салык төлөө туурабы?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 649