• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Сурамжылоо: Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп алмаштырууну колдойсузбу?

9 Аяк оона 202517:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 9-сентябрдагы отурумунда Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып берди. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Бүгүнкүн жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев шаардын атын өзгөртүү сунушун жергиликтүү тургундар бергенин айтты.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Ал эми сиздин пикириңиз кандай?

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүгө болжол менен 15 млн сом сарпталат. Чыгым демилгечи болгон Жалал-Абад мэриясына жүктөлөт.

Бул каражат флагштоктогу «Жалал-Абад» жазуусун алмаштырууга, шаардагы аталыштар менен тактайчаларды өзгөртүүгө жана башка иштерге жумшалат. Бул иштер мыйзам кабыл алынгандан кийин жарым жылдын ичинде бүтүшү керек.

Количество просмотров: 1088