• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Суранова президенттен Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаеваны үй камагына чыгарууну суранды

11 Үчтүн айы 2023 14:11 Бишкек Govori.TV

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштуруу боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган айыпталуучулардын бири Перизат Суранова президент Садыр Жапаровго кайрылып, Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаеванын ден соолугуна санаркап жатканын билдирип, үй камагына чыгарууну өтүндү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлүп, 23-октябрда массалык массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айып менен 26 адамды түрмөгө камалган.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштөр (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстанда жапырт камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүү тараткан.

Количество просмотров: 1426