• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Сурхандарыяда мектеп директору сабалды

1 Аяк оона 202315:10 Бишкек Govori.TV

Облус акими менен чырдашкандан кийин белгилүү болгон Сурхандарыя облусунун Сариосио районундагы №28 мектептин директору Умида Турсунова 30-августта сабалды.

Жабырлануучунун мээси чайкалып, чекеси жана желкеси жараланган, көзү көгөргөн.

Соцтармактарда сабалган аялдын сүрөттөрү менен анын эжесинин кайрылуусу бир күн мурун пайда болду.

Маалым болгондой, Турсунованы мектептин мугалимдеринин биринин күйөөсү сабаган.

Облустук прокуратура маалымдагандай, мугалимдин күйөөсү директорду “иш убактысын негизсиз кыскарткан” деп сабап, денесине жеңил залал келтирген. Кылмыш иши козголду.

Июль айынын аягында Сариосио районундагы жолугушууда Умида Турсунова менен аким Улугбек Косимовдун ортосунда чыр чыккан. Жакшы иштей албаганы үчүн кызматтан алынмакчы болгон директор ага каршы кутум уюштурулганын айткан. Турсунованы милиция залдан алып чыккан.

Сот аны 10 күнгө административдик камакка алуу чечимин чыгарган. Бир аптадан кийин Жогорку соттун коллегиясы камак мөөнөтүн 7 күнгө кыскарткан.

Количество просмотров: 157