• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

13 Үчтүн айы 2022 9:58 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөсутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы батирде өрт чыгып, аянты 5 чарчы метр болгон 1 бөлмөнүн үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн натыйжасында 1955-жылы туулган Т. Р. И. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында жолдун жээгинде “Audi100” үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Теги:
Количество просмотров: 64