• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сутка ичинде 22 медкызматкер коронавирус жуктурду

23 Кулжа 202010:14 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөттөгү брифинг учурунда билдирди.

• Бишкек ш. – 11
• Чүй облусунда – 9
• Ош ш. – 2

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 128