Кыргызстанда сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жалал-Абад облусунда 1, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.