• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталды

30 Жетинин айы 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында “Ford Focus” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында турак үйдүн 120 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры жана убактылуу үйдүн ичиндеги тиричилик буюмдары күйгөн.

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында трансформатор күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 50