• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

19 Баш оона 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 3, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир медик илдеткке кабылды.

“Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3045 учур катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыгып чыкты”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 325ти түзөт. Алардын ичинен 35 миң 197 киши айыгып чыкты, 1 миң 54 адам каза болду.

Количество просмотров: 96