• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

4 Бугу 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 2, Бишкек шаарында 6 жана Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Количество просмотров: 87