• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сутка ичинде бустердик дозаны 2 миң 159 адам алды

11 Бирдин айы 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 2 миң 159 адам алган. Алсак, Бишкекте 239, Ош шаарында 79, Чүй облусунда 157, Ош облусунда 279, Талас облусунда 63, Нарын облусунда 74, Ысык-Көл облусунда 530, Жалал-Абад облусунда 562, Баткен облусунда 176 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

  • биринчи дозасын 6 миң 966 адам алды, жалпы 1 млн 369 миң 171 адам;
  • экинчи дозасын 624 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 116 миң 986 адам;
  • бустердик дозаны 2 миң 159 адам алды, алардын жалпы саны 85 миң 886 адамга жетти.
Количество просмотров: 75