• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды

3 Баш оона 2022 10:19 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Ак-Сарай” кафесинин 40 чарчы метр ашканасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Бишкектин Биринчи май районунда “Гала Групп” курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 14-кабатында монолит куюуга орнотулган 550чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында турак үйдүн короосунда жыгач устундуу шифер менен жабылган мал сарайдын 64 чарчы метр чатыры, 1 тонна саман, жарым тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Теги:
Количество просмотров: 81