• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Суу каптаган аймакка барган Токаев кырдаалдан «сабак алуу керектигин» айтты

5 Чын куран 2024 9:00 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-апрелде бир нече күндөн бери сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган Батыш Казакстан облусуна барып, аймактагы абал дагы оорлошу ыктымалдыгына даяр турууга чакырды жана азыркы түзүлгөн кырдаалдан «сабак алуу» керектигин айтты.

Кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону бүгүнкүдөй абалга алып келгенин айткан Токаев кооптуу аймактардан убактылуу көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атады жана жабыркагандардын баарына тийиштүү жардам берилерин убада кылды.

Облус акимчилигинин маалыматына караганда, суу алты райондун жана Орол шаарынын аймагында миңге жакын үйдү каптап, жети миңдей киши эвакуацияланды.

Жалпысынан 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактардан 19 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды.

Өзгөчө кырдаал Батыш Казакстан облусунан тышкары Актөбө, Акмоло, Абай, Костанай облустарынын бир нече район-шаарында да жарыяланган.

Количество просмотров: 125