• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

“Суу кодексине” каршы арыз шаардык сотто каралууда (түз эфир)

17 Үчтүн айы 2018 15:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-январда Бишкектин райондор аралык соту “Суу кодексине” киргизилген өзгөртүүлөрдү четке кагуу боюнча доо арызды карап жатат.

Эскерте кетсек, 16 ноябрда Жогорку Кеңеш «Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алган. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63 «ооба», 22 «каршы» добуш беришти.

Бул маселе боюнча депутаттардын алдына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип, аны колдоп берүүнү өтүнгөн.

Мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышкан.

 

 

Количество просмотров: 16