• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Суу ташкынынан Германияда кеминде 133, Бельгияда 20 адам каза болду

17 Теке 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

Батыш Европанын айрым аймактары, өзгөчө Германия менен Бельгиянын чек арасы суу ташкынынан катуу жабыркады. Германияда кеминде 133, Бельгияда 20 адам каза болгону кабарланды.

Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн. Куткаруучулар эл жашаган жерлерге кайыктар жана тик учак менен жетүүгө аракеттенип жатышат.

Маалыматтарга ылайык, Кёльндин түштүк-батыгында Эрфтштадт шаарында көптөгөн үйлөр кыйрап, автоунааларды суу агызып кеткен.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 17-июлда Эрфтштадтка келери маалым болду. Вашингтондо жүргөн Германиянын канцлери Ангела Меркел суу ташкында каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жоголгондорду тезирээк табуу үчүн бардык күч жумшаларын убада кылды.

Учурда суунун деңгээли азая баштаган. Ошентсе да айрым аймактарда көчөлөрдү суу басып, кырдаал оор экени кабарланды.

Количество просмотров: 101