• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Суучул Денис Петрашов эл аралык мелдеште алтын утуп, рекорд койду

20 Бирдин айы 202313:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШдагы Атланта турниринде 200 ярд аралыкка брасс стилинде сүзүүдө биринчи орунду камсыздап, жаңы рекорд койду. Бул тууралуу 19-январда Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 200 ярд аралыкты 01:50:51 убактысында сүзүп өтүп, өзүнүн категориясында ылдамдык боюнча жаңы рекорд жараткан.

Белгилей кетсек, ACC Лигасы Америка Кошмо Штаттарынын университеттери арасында өтө турган чоң мелдеш.

Количество просмотров: 135