• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

27 Теке 202117:39 Бишкек Govori.TV

Токио шаарындагы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов бүгүн, 27-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыкты.

Аталган дисциплинада жалпы 40 спортчу күч сынашты. Алар 5 топко бөлүнгөн болчу.

Петрашов 2-топтогу спортчулар менен жарышып, 2 мүнөт 10,07 секундда маарага биринчи болуп келди.  Бирок финалга чыккан 16 спортчунун катарына кире алган жок. Ал жалпы жыйынтык боюнча 18-орунду ээледи.

Количество просмотров: 156