Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө чыккан суучул Владислав Шулико 180 чакырымдын 110 чакырымын басып өттү. Анын сууда сүзүп бара жатканы социалдык тармактарда түз көрсөтүлүп жатат.
Уюштуруучулар билдиргендей, кыргызстандык спортчу Шулико өзүн жакшы сезип жатат. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп жүрөт.
Белгилей кетсек, Владислав Шулико 22-августта Караколдон Балыкчы тарапка сүзүп баштаган.