• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Суучулдар Ысык-Көл көлдөн 5800 метр тор чыгарышты

18 Бештин айы 20249:08 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 14-15-16-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көл көлүнөн 5800 метр тор чыгарышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, көлдү балык уулоочу тордон тазалоо иштери Түп районуна караган Күрмөнтү, Кутурга жана Кичи-Өрүктү айылдарынын аралыгында жүргүздү.

Аба ырайынын туруксуздугуна жана суукка карабай тазалоо иштерин тынымсыз улантып жаткан суучулдар 3 күндүн ичинде 6 800 га жакын жерди тазалашып, 5800 метр тор чыгарышкан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери ушул күнгө чейин көлдүн жалпы 401 миң 152,6 гектар жери тазаланып, 104 миң 200 метр балык уулоочу торлордон арылды.

Количество просмотров: 74