• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сууга чөккөн 6 жашар баланын жансыз денеси табылды

24 Теке 202210:08 Бишкек Govori.TV

Ошто сууга чөккөн 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эркин айылында 2016-жылы туулган М. уулу. С. аттуу бала Савай каналына түшүп кеткен.

Издөө иштерине 21 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам чыккан.

Натыйжада баланын сөөгү 23-июлда саат 20:23тө куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 6812