• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

25 Теке 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

Сокулукта дайынсыз болуп изделип жаткан Кенжебек уулу Жанарбектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды.

Милиция толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунда 1990-жылы туулган Кенжебек уулу Жаранбек дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Количество просмотров: 327