• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды

14 Жетинин айы 20229:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-35 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү Биринчи май районунун Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен табылган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү кудуктан чыгарышкан.

Количество просмотров: 999