• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сууга чөккөн кыз боюнча «Алтын балалыктын» жетекчилиги түшүндүрмө берди

11 Баш оона 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү балдардын «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев төрт окуучу кыздын сууга чөгүп, бири көз жумганы боюнча «Азаттыкка» түшүндүрмө берди. Бейшеналиев кырсык болгон учурда өзү да балдар менен жээкте болгонун белгилеп, «балдар кароосуз калган» деген сөздөрдү төгүндөдү.

«Ал күнү мен өзүм да жээкте балдар менен чогуу болчумун. Жарым сааттай мурун программа боюнча балдар сууга түшүп чыккан. Биз балдар менен мелдеш өткөрүп, жаңы эле аяктаганбыз, ошол мезгилде коңшу пляждан ызы-чуу угулуп калды. «Могу жерде төрт кыз балон менен сууга түшүп жаткан, толкундан аңтарылып, чөгүп атышат» деп айтышты. Биздин үч куткаруучу менен милиционерлерибиз чуркап барып, үч кызды суудан алып чыгышты. Эки кыз эч нерсе болбоптур, үчүнчү кыз кыйналып калыптыр. Ооруканага жатып, жакшы болуп, үйүнө кетти. Ал эми каза болгон кызды да куткаруучу алып чыкты, түшкөн жери терең экен. Алгачкы жардам көрсөтүлдү, бирок кеч болуп калыптыр, сактап кала албадык. Ошол замат апасына, туугандарына телефон чалып, чакырдык. Төрт кыз классташтар экен, алар да кандай болгонун бүт айтып беришти. Кырсык биздин пансионаттын аймагында эмес, биздин пляждын сыртында, жергиликтүү эл сууга түшкөн пляжда болгон», -деди Бейшеналиев.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, мурда жыйырма баланы бир коштоочу караса, азыр алардын саны эки эсе көбөйтүлдү. Куткаруучулардын саны көбөйтүлүп, он куткаруучу алынган. Аймакты кайтарган беш-алты күзөтчү бар.

5-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы Айзада Кылычбекова сууга чөгүп кеткен. Кыздын туугандары бул окуяга пансионаттын жетекчилиги менен балдарды коштоп жүргөн жооптуу адамдардын шалакы мамилеси себепкер экенин айтып жатат.

Ысык-Көл райондук милициясы каза болгон кыздын жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартканын маалымдаган. Калканбекова кыздын сөөгү сакталган өлүкканада муздатуучу система иштебегенине байланыштуу ушундай кадамга барганын билдирди.

Количество просмотров: 381