• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Суукта селсаяктар эмне болду?

6 Бештин айы 2017 14:38 Бишкек Govori.TV

Үй-жайы жок адамдарды БОМЖ деп журөбүз. БОМЖ-без определенный места жительства. Кыргызча селсаяк деп эле айтылат. Бараар жери жок адамдар жайкысын шаардын бакчаларына, гүлбактарда же кароосуз калган имараттарда түнөп, таштанды челектерден тамак таап жешет. Бирок кыштын ызгаар суугунда алардын көргөн күнү эмне болот. Быйыл суук тушкөндөн баштап эле эки селсаяк тоңуп өлгөнү маалым болду.

Бишкек шаардык мэриясынын алдында  үй-жайы жок адамдарды убактылуу кармоочу бир нече үй бар. Алардын бири “Коломто” социалдык мекемеси.

Акыркы 11 айдын ичинде эле “Коломто” тарабынан үй-жайы, документтери жок 982 жаранга жардам көрсөтүлгөн. Жашоонун ар кандай себебинен улам мындай жагдайга дуушар болгон жарандарды “Коломтого” мэриядан, милициядан, тез жардам кызматынан, түрмөдөн жанан ыктыярчылар алып келишет.

Жылына мамлекет тарабынан жатаканага 6 миллион сом бөлүнөт. Ар бир адам үчүн күнүнө 35 сом түшкү тамагына коротулса, ал эми эртең мененки жана кечки тамактарын, кийимдерин өздөрү табышат.

Азыркы тапта үй-жайсыз адамдардын 30 пайызын аялдар түзсө, калгандары эркектер. Убакыттын өтүшү менен үй-жайсыз адамдардын көпчүлүгүн жаштар түзүүдө –дейт “Коломто” жатаканасынын жетекчиси Айгүл Сманалиева.

Мындан тышкары, жатаканага көчөдөгү үй-жайы жоктор гана эмес туугандары үйүнөн кууп чыккандар, майыптар жана мурда чоң-чоң кызматта иштегендер дагы баш калкалашат. Алардын бири 24 жаштагы интернатта чоңойгон Асаналиев Адилет. Өзү майып болсо дагы жатаканадагы адамдардын бут кийимдерин тигип, мыкты сүрөттөрдү тартат.

Количество просмотров: 48