• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сууктан улам Ат-Башыда мектептер онлайн окутууга өттү

17 Үчтүн айы 2023 12:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-январдан тарта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өлкөдөгү катуу сууктан улам кабыл алынган. Ат-Башы районунда жалпы 21 мектеп бар.

“Учурда райондук мамлекеттик администрация менен бала бакчалардын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан тышкары, Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу бардык мектептер аралыктан билим берүүгө которулган.

Количество просмотров: 127