Суусамыр суусуна 11-майда 42 жаштагы И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 21 куткаруучу, алты суучул, 10 милиция кызматкери жана туугандарынан 15 адам тартылган.
Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Кошумчалай кетсек, сууга агып кеткен адам Панфилов районундагы айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаков болгону буга чейин кабарланган.