• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда

13 Бугу 202211:27 Бишкек Govori.TV

Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда Суусамыр суусуна 1980-жылы туулган И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

«Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 25 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу саат 21:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган»,-деп жазылат маалыматта.

Издөө иштери бүгүн дагы уланууда.

Количество просмотров: 95