Суусамырда чоң жүк ташуучу унаа менен бензин ташыган унаа сүзүшүп, эки адам каза болду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 16-август таңга маал Ош — Бишкек унаа жолунун 184-чакырымында болгон.
«Жүк ташуучу автоунаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып каршысында келе жаткан кооптуу жүк ташуучу автоунаа (бензин ташыган техника) менен сүзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.